Бүгүн ак калпак Ала-Тоо эли Баткен жергесиндеги куралдуу кол салуудан набыт болгон мекендештерибиздин эрдигин эскерип, аза күтүп жатат.

Капилет кол салган душмандар күнөстүү кыргыз жерин канга боёп, ондогон мекендештерибиздин өмүрүн алып тынды.

Жерибиздин бүтүндүгү, элибиздин эркиндиги үчүн кыргыздын тоо жүрөк, балбан билек жигиттери окко төшүн тосуп, душмандын мизин кайтарып, өмүрлөрү менен кош айтышты.

Алардын мекен алдында жасаган эрдиктери элибиздин эсинде түбөлүк сакталып, кылымдарга даңазаланат.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган элге, жакындарынан айрылган боордошторубузга терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм.

Терең урматым менен, КРнын Финансы министри Алмаз Бакетаев.