Menu

ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук банктарынын жетекчилеринин жыйыны Бишкекте өттү

ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук банктарынын жетекчилеринин жыйыны Бишкекте өттү

КРФМ

 

2026-жылдын 29-майында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилеринин жыйыны болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев ачып, катышуучуларды ШКУнун 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Өз сөзүндө министр Кыргызстан үчүн ШКУ аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө, өз ара байланыштарды чыңдоодо жана коңшулаш достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү аянтча экенин белгиледи.

Ошондой эле ал бүгүнкү жолугушуу мазмундуу жана конструктивдүү форматта өткөнүн, анын жыйынтыктары Уюмдун алкагындагы финансылык-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун баса белгиледи.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казахстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын делегациялары катышты. Россия Федерациясы жана Пакистан Ислам Республикасы өз баяндамаларын онлайн-форматта сунушташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык финансы системасын өнүктүрүү, ШКУ алкагындагы финансылык кызматташтыкты чыңдоо, акча-кредит саясатын ишке ашыруу жана мүчө мамлекеттердеги финансылык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

ШКУга мүчө мамлекеттер ошондой эле ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча консультациялардын жүрүшүндөгү прогрессти жана Уюмдун финансылык инфраструктурасын мындан ары өркүндөтүү маселелерин белгилешти.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар кеңешменин жыйынтыктоочу протоколуна кол коюшту.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
739

Окшош жаңылыктар