2023-жылга долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү

2023-жылга долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү

КР Финансы министрлигинде 2023-жылга долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Комиссиянын чечимине ылайык, 2023-жылы “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 332 долбоор ишке ашырылат. Долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктуралык объектилерин (социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртууга багытталган.

Комиссиянын курамына өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, бюджеттер аралык мамилелер боюнча көз карандысыз эксперттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү жана башкалар кирди.

“Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дем берүүчү (үлүштүк) гранттар беренеси боюнча 800 млн сом өлчөмүндө каражат каралган.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2376