Menu

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ У.КАЛЕНДЕРОВ МЫРЗА-АКЕ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНДАГЫ СПОРТ КОМПЛЕКСТИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ У.КАЛЕНДЕРОВ МЫРЗА-АКЕ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНДАГЫ СПОРТ КОМПЛЕКСТИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.И.Календеров М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Мырза-Аке мектеп-интернатына барып, анын аймагында курулуп жаткан жаңы спорт комплекстин жүрүшү менен таанышып, жетекчилик менен долбоордун кийинки этаптарын талкуулады.
У.Календеров ошондой эле тарбиялануучулар менен жолугушуп, Жаңы жыл алдында аларга белектерди тапшырып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан балдарды жана педагогдорду куттуктап, ден соолук, ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Финансы министрлиги балдардын өсүп-өнүгүшү үчүн шарт түзгөн социалдык демилгелерди колдоону улантат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2531

Окшош жаңылыктар