Menu
Тренддер

2023-жылдын апрель айында жол куруу иштери 315 млн сом өлчөмүндө каржыланган
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында жол куруу иштери 315 млн. сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинде ашуулардагы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам бийик тоолуу райондордогу жолдорду тазалоо жана транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу үчүн ыкчам тартипте 50 млн.сом суммасында каржылоо ачылган.
Ошондой эле, кар көчкү участоктору боюнча изилдөө жүргүзүү жана кесепеттерин жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 6,7 млн.сом суммасында каржылоо ачылды.