Финансылык чалгындоо кызматы аныктаган кылмыштуу операциялар

Финансылык чалгындоо кызматы аныктаган кылмыштуу операциялар

2022-жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын Финансы министрилгине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан операцияларды аныктап чыгуу максатында 42 жалпыланган материалдар жана маалымат даярдалып укук коргоо органдарына жиберилген.

 

Натыйжада 42 кылмыш иши козголгон (34 материал кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана 8 материал терроризимди каржылоо боюнча), 2 млн 471 125 321 сом, 68 999 817,88 рубль и 924 070,95 АКШ доллары  республикалык бюджетке кайтарылып берилди.

Террористтик жана экстремисттик иш менен байланышкан тизмеге 124 жеке адам киргизилген.

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын Тизмесине 16 жеке адам жана 3 юридикалык уюм киргизилген.

Отчеттук мезгилде даректүү финансылык санкцияларды колдонуу боюнча төмөнкү иштер жүргүзүлдү:

тоңдурулган операциялардын (бүтүмдөрдүн) жалпы саны 567 939 сом, 77 500 рубль жана 3 560 АКШ доллары;

токтотулган операциялардын (бүтүмдөрдүн) жалпы суммасы 691 720,67 АКШ доллары.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2671