Menu
Тренддер
КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ У. КАЛЕНДЕРОВ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫН РЕГИОНАЛДЫК МЕНЕДЖЕРИ Ф.ГОЙЯНЫН ЖОЛУГУШУУСУ
КРФМ
22-январда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министрдин орун басары У.Календеров менен Дүйнөлүк банктын мамлекеттик сатып алуулардын регионалдык менеджери Ф.Гойянын жолугушуусу өттү.
Тараптар мамлекеттик сатып алуулар системасын модернизациялоо боюнча жүрүп жаткан иш-чараларды талкуулап, анын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.
У.Календеров Финансы министрлиги сатып алуулар боюнча методологияны өркүндөтүү, институционалдык потенциалды бекемдөө жана процесстердин ачыктыгын жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүп жатканын баса белгиледи.
Ф.Гойя Кыргызстандагы прогрессти белгилеп, Дүйнөлүк банктын реформалардын жол картасында каралган иш-чараларды кошо алып, мындан аркы эксперттик колдоону улантууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы реформаларды алдыга жылдыруу үчүн тыгыз координацияны жана маалымат алмашууну улантууну макулдашышты.
2 сүрөттөр
0.00MB