Menu
Тренддер
Финансы министринин Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын вице-президенти менен жолугушуусу
2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын (АИИБ) вице-президенти К.Лимитовский менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө АИИБ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы учурдагы жана келечектеги кызматташуунун маселелери, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана инфраструктуралык өз ара байланыштарды түзүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан жогоруда аталган маселелерди жылдыруу боюнча макулдашууга жетишти.
Маалымат үчүн: бүгүнкү күндө АИИБ менен кызматташуунун алкагында 50,0 млн АКШ долларына «Жеке жана каржы секторун өзгөчө колдоо» долбоору ишке ашырылууда.
Бул долбоор COVID-19 кризисине жооп катары кичи жана орто ишканаларды колдоо жана калыбына келтирүүнү тездетүүгө багытталган.