Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ШВЕЙЦАРИЯЛЫК ДОБУШ БЕРҮҮ ТОБУНУН АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ
КРФМ
Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович Дүйнөлүк банктын Швейцариялык добуш берүү тобунун аткаруучу директору Беатрис Мазер айым менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкында Кыргызстандын (ЭРӨБ) квотасын көбөйтүү, ЭӨА-21 алкагында каражаттарды бөлүштүрүү жана бюджеттик колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банкка жана Швейцариялык топко реформаларды колдоо жана негизги долбоорлорду өнүктүрүү боюнча дайыма көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинин ишине катышуусунун стратегиялык маанисин белгиледи.
Жолугушууда ошондой эле өнүктүрүү саясатын колдоо программасын (ӨСКП) жана Камбарата-1 ГЭС долбоорун ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Алмаз Бакетаев кыргыз тарабы биргелешкен демилгелерди натыйжалуу ишке ашырууга даяр экенин баса белгилеп, 2028-жылы Бишкекте Дүйнөлүк банктын шайлоо округунун жыйынын өткөрүү ниетин билдирди.
2 сүрөттөр
0.00MB