Финансы министри Бакетаев А.К. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен жолугушту

Финансы министри Бакетаев А.К. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен жолугушту

2022-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Жужанна Харгитай ортоунда жолугушуу өттү.

Жыйындын жүрүшүндө министр ЕРӨБгө Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыраазычылык билдирди.

1994-жылдан бери Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБ ортосунда жалпы суммасы 402,1 миллион долларга 46 финансылык келишимге кол коюлган. Бул каражаттар энергетика, инфраструктура, суу менен камсыздоо, транспорт жана башка тармактарды жакшыртууга жумшалды.

Жыйындын жүрүшүндө пландалган долбоорлор боюнча маселелер, тактап айтканда, «Жашыл шаарлар 2, терезе 2» Алкактык программасынын «Бишкек автобустары», «Сугат системасын өнүктүрүү» жана «Чакан ГЭСин куруу» маселелери талкууланды.

Долбоорлорду практикалык ишке ашыруу бүтүндөй өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү долбоорлорун илгерилетүүнүн башталышы болуп кызмат кылат жана Кыргыз Республикасынын электр энергетикасын чыңдоого олуттуу салым кошоорун белгилей кетүү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну биргелешип өнүктүрүү жана алдыдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2135