БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ БИРИНЧИ ЖОЛУ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН КОЛДООСУ МЕНЕН КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ФИНАНСЫ АКАДЕМИЯСЫНЫН БАЗАСЫНДА «ДОЛБООРЛОРДОГУ ФИНАНСЫЛЫК БАШКАРУУ» ТЕМАСЫНДАГЫ ЖАҢЫ ОКУУ КУРСУ КИРГИЗИЛДИ

БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ БИРИНЧИ ЖОЛУ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН КОЛДООСУ МЕНЕН КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ФИНАНСЫ АКАДЕМИЯСЫНЫН БАЗАСЫНДА «ДОЛБООРЛОРДОГУ ФИНАНСЫЛЫК БАШКАРУУ» ТЕМАСЫНДАГЫ ЖАҢЫ ОКУУ КУРСУ КИРГИЗИЛДИ

КРФМ

 

Вашингтон шаарында (АКШ), Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын директору Эрке Турдумамбетованын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Өмүрбек Сабировдун Дүйнөлүк банктын өлкөлүк программаларынын Борбордук Азия боюнча координатору Юлия Комагаева менен жумушучу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдөгү, эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга тартылган кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган “Долбоорлордогу финансылык башкаруу” темасындагы пилоттук окуу курсун киргизүү маселеси талкууланды.

2025-жылдын 20-октябрынан 23-октябрына чейин Финансы академиясы Долбоорлордогу финансылык башкаруу” пилоттук окуу курсун өткөрөт, бул окуу курсуна Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн 20 кызматкери катышат. Бул программаны масштабдуу киргизүүгө карата алгачкы кадам болуп калат.

 Маалымат үчүн: 2025-жылдын 26-майынан 29-майына чейин Финансы академиясы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ушул эле темада тренерлерди даярдоо боюнча тренинг өткөргөн. Тренингге Академиянын окутуучулары эле эмес, Өзбекстан менен Тажикстандан келген окутуучулар да катышып, бул аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана тажрыйба алмашуунун аянтчасы да болгон.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
239

Окшош жаңылыктар