БЮДЖЕТТИК АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖАРАНДЫК КООМДУН САЛЫМЫ ЖАНА ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ

БЮДЖЕТТИК АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖАРАНДЫК КООМДУН САЛЫМЫ ЖАНА ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандык коомунун сиңирген эмгегин белгилөө менен бюджеттик ачык-айкындуулук маселелери боюнча жарандык коомдун салымы жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымат даярдады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык, жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгышталып жаткан каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандык коомунун сиңирген эмгегин белгилөө менен бюджеттик ачык-айкындуулук маселелери боюнча жарандык коомдун салымы жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымат даярдады.

Көп учурда, Кыргыз Республикасы жарандык коомдун мамлекеттик процесстерге салыштырмалуу жогорку деңгээлде катышуусунан улам “демократиянын аралчасы” катары сыпатталат. Кыргыз Республикасы өзүнүн демократиялык институттары жана тажрыйбалары менен айырмаланат, ал эми Кыргыз Республикасындагы демократиянын негизги элементтеринин бири болуп өз оюн эркин жана ачык билдирүү саналат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттары көз карандысыздыгы жана саясий дискурста, анын ичинде бюджетти түзүү жана аткаруу маселелеринде активдүү катышуусу менен айырмаланарын белгилей кетүү керек. Бул жарандарга бюджетти түзүү жана аткаруу маселелери жөнүндө кабардар болууга жана кызыккан маселелер боюнча өз пикирлерин билдирүүгө мүмкүндүк берет.

Бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыз кылууда жарандык коомдун ролу демократиялык башкаруунун жана жоопкерчиликтин негизи болуп саналат. Жарандык коом – бул, адатта, бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана чыгымдалышына мониторинг жүргүзүүдө, талдоодо жана контролдоодо маанилүү ролду ойногон көзкарандысыз топтордун, уюмдардын жана активдүү жарандардын жыйындысы.

Кыргыз Республикасында жарандык коом бюджеттин аткарылышын мониторингдөөгө жана талдоого активдүү тартылууда. Ал мамлекеттик органдардын белгиленген ченемдерди жана жол-жоболорду сактоосун, ошондой эле бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү сарпташын камсыз кылат. Жарандык уюмдар көбүнчө ресурстарды туура эмес пайдаланууну аныктоо үчүн изилдөө, аудит жана баалоо жүргүзүшөт.

Мындан тышкары, жарандык коом бюджет чөйрөсүндө жарандардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын билдирип, коомдук пикирдин үнү катары иш алып барат. Ал финансы чөйрөсүндө жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган кампанияларды жана акцияларды уюштурат. Жалпысынан жарандык коом демократиялык принциптерди бекемдөөгө, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана мамлекеттик финансыларды башкаруунун сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтүү менен бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыз кылууда ажырагыс ролду ойнойт. Жарандык коомдун жана ар бир жарандын активдүү катышуусу жана көзөмөлү бардык жарандардын кызыкчылыгы үчүн коомдук ресурстарды натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү пайдаланууну камсыз кылуу үчүн зарыл.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү үчүн төмөнкү кадамдарды жасоодо:

  1.  БЮДЖЕТТИК ДОКУМЕНТТЕРДИ ЖАРЫЯЛОО. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коомчулуктун кеңири чөйрөсүнө бюджеттик документтерди алууга мүмкүнчүлүк берүү максатында расмий веб-сайтта жана башка социалдык платформаларда бюджеттик документтерди, жаңылыктарды жана пресс-релиздерди жарыялайт.
  2. КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮ. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштурат, Анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү жарандык коомго кезектеги жылга бюджет жөнүндө маалымат беришет жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришет.
  3. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик маалыматтарга оңой жетүүнү камсыз кылуу үчүн онлайн-платформа аркылуу бюджет жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
  4. ОТЧЕТТУУЛУК ЖАНА ЧЫГЫМДАРДЫН АЧЫКТЫГЫ. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жана үзгүлтүксүз түрдө бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматты, анын ичинде ар кандай секторлордо жана программаларда каражаттар кандайча пайдаланылгандыгы жөнүндө маалыматты расмий сайтка жайгаштырат.
  5. ЖАРАНДЫК КООМ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги пикир алмашуу, кайра байланыш алуу жана бюджеттик процесстердин мониторингине катышуу үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүнүн алкагында, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана ЖМКнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын жарандык секторунун катышуусун жогорулатуу максатында коомдук бюджеттик угууларды өткөрдү.

Белгилүү болгондой, коомдук бюджеттик угуулар – бул коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, рекомендацияларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.

Коомдук бюджеттик угуулардын жүрүшүндө жарандык коомдун өкүлдөрү саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, мамлекеттик бюджеттин кирешеси жана жергиликтүү бюджетке байланыштуу маселелер боюнча сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларынын жана жарандык коомдун сын-пикирлери жана сунуштары эске алынды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде “2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышын талкуулоо боюнча коомдук угуу” болуп өткөндүгүн белгилей кетүү керек. Угуулардын жүрүшүндө катышкандар тарабынан, анын ичинде башка министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнүн бардык кайрылуулары угулду.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик органдар менен активдүү өз ара аракеттене турган сынчы тарап болуу менен Кыргыз Республикасында жарандык коом бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыз кылууда негизги ролду ойной тургандыгын белгилейт. Бюджеттик процесстерге жарандык коомдун таасири Бюджеттик ачык-айкындуулукту, мамлекеттик финансыны башкаруунун жоопкерчилигин жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттер жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун үстүндө активдүү иш алып барат, ал өз кезегинде бюджеттик документтерди жарыялоону, инновациялык технологияларды ишке киргизүүнү, коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнү камтыйт. Мындай кадамдар мамлекеттик финансыны башкаруунун ачык жана түшүнүктүү механизмин түзүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1453

Окшош жаңылыктар