«БИШКЕК ШААРЫНЫН КАТУУ КАЛДЫКТАРЫН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУ» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 15,7 МЛН ЕВРО ӨЗДӨШТҮРҮЛДУ

«БИШКЕК ШААРЫНЫН КАТУУ КАЛДЫКТАРЫН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУ» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 15,7 МЛН ЕВРО ӨЗДӨШТҮРҮЛДУ

КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков Бишкек шаарынын мэриясынын, Европа өнүктүрүү банкынын жана Европа биримдигинин өкүлдөрү менен «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жаңы экополигонун көрүп келди.

2023-жылдын 1-октябрына карата “Бишкек шаарынын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында 15 миллион 709 миң евро сарпталган.

Бул долбоор таштандыларды чогултуу жана жайгаштыруу кызматын жакшыртууга, шаарда жаңы катуу таштандылар үчүн пункттарын ачууга, транспорттук паркты модернизациялоого, эң зарыл болгон жаңы санитардык катуу таштанды полигонун түзүүгө багытталган. Бул Европа Биримдигинин стандарттарына жооп берген аймактагы биринчи таштанды полигону болуп, учурдагы таштанды полигонунун жабылышын каржылайт.

Каржылоонун жалпы суммасы 22 миллион еврону түзөт, анын 11 миллион евросу ЕБРРдин насыясы, келишим 2015-жылы күчүнө кирген. Долбоорду Европа Биримдиги Евробиримдиктин Борбор Азия үчүн инвестициялык фондунан (IFCA) жалпы суммасы 8 миллион евро өлчөмүндөгү грант менен колдойт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1389

Окшош жаңылыктар