Menu
Тренддер
"МИКРО, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАРДЫ ШАШЫЛЫШ КОЛДОО" ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 6,2 МЛРД СОМ ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТ БЕРИЛДИ
2024-жылдын 1-мартына карата "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун жалпы суммасы 6 млрд 249 млн 025 миң 918 сомду түздү. Пайызсыз насыяны 9288 ишкер алды.
Алар:
- 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 110 ишкерге 4 млрд 471 млн 987 миң 243 сом берилген;
- 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1178 ишкерге 1 млрд 777 млн 38 миң 675 сом насыя берилди.
Белгилей кетсек, долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Тиркелген файлдар