Menu
Тренддер
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН МУНИЦИПАЛДЫК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНДА МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ САТЫП АЛУУ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын имаратында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын начальнигинин орун басары С.Джаманкуловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы А.Абдыбаповдун жана “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКынын, “Мегаком” компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин шаардык айма
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24- январындагы №17 тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Министрлик) “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКы жана “Мегаком” компаниясы менен биргеликте MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды (мындан ары - МБК) сатып алуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыкты.
Бул кадам жеке жактардын “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын санариптик платформасына жана брокердик компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү менен мамлекеттик баалуу кагаздар рыногуна кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында ишке ашырылды.
МБКны онлайн-сатып алуу MegaPay тиркемесиндеги сервистин аркасында жеткиликтүү болду. Бул сервис колдонуучуларга “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын санариптик платформасына өтүүгө жана брокердик компаниялардын кызматтарынан пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Алсак, жогоруда аталган тескеменин алкагында “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын жана "Мегаком" компаниясынын өкүлдөрү “Мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялар” жана MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу “MEGA инвестицияларды сатып алуу нускамасы” деген темаларда презентация өткөрдү, ошондой эле "Мегаком" компаниясы MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу МБКны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин шаардык аймактык башкармалыктарын идентификациялоону жүргүздү.
Бул маанилүү кадам биздин финансылык инфраструктурабыздын өсүп жаткандыгын жана MegaPay тиркемеси аркылуу, тактап айтканда “Мега Инвестициялар” блогу аркылуу мамлекеттик казыналык векселдерди (мындан ары – МКВ) сатып алууну инвестициялоо үчүн шарттардын жакшыргандыгын тастыктайт.
МБКны сатып алуу инвестициялоонун инструменттеринин бири болуп саналат жана коммерциялык банктардагы депозиттерге альтернатива боло алат. МБК боюнча төлөмдөр республикалык бюджетте каралат жана дайыма мөөнөтүндө жүргүзүлөт. Ошондуктан мамлекет, мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялардын ишенимдүүлүгүнүн кепилдиги болуп саналат.
МКВны кызматкерлер 15% кирешелүүлүк менен пайдалуу шарттарда сатып алышкандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Ошону менен бирге, тиркемеде МБКны экинчи рынокто (кайрадан) сатууга мүмкүндүк берүүчү модуль иштелип чыгууда.
Тиркелген файлдар