ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министрдин орун басары Р.С.Татиковдун төрагалыгы астында коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен "Туруктуу агро азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун башталышы боюнча жолугушуу болуп өттү.

 

    Иш-чараны Финансы министринин орун басары Р.С.Татиков куттуктоо сөзү менен ачып, бул кредиттик линияны ишке ашыруунун алкагында Финансы министрлиги банктардан түшкөн сунуштарды жана демилгелерди кароого даяр экендигин билдирди.

     Андан соң, Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Б.Ш.Мусакожоева  катышуучуларды долбоордун деталдуу презентациясы менен тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө активдүү талкуу болуп, анын алкагында коммерциялык банктардын өкүлдөрү бир катар суроолорду жана сунуштарды айтышты.

     Жолугушуунун соңунда банктардын өкүлдөрү аталган кредиттик багытка кызыкдар экендиктерин билдиришти, ошондой эле ишке ашыруу механизмдери боюнча бардык сунуштарды кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүнө жиберүү жана сунуштарды андан ары иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
967

Окшош жаңылыктар