Menu

Финансы министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар талкууланды
КРФМ
Финансы министрлигинде 2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (1-этап үчүн 2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгили) алкагында жумушчу жыйын өттү. Жыйынды министрдин биринчи орун басары Р.М.Суйналиев жетектеп, анда Министрликтин түзүмдүк бөлүм башчылары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Р.М.Суйналиев өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта иш алып баруу ар бир кызматкердин жоопкерчилиги экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, иш-чаралар планынын пункттарын өз убагында жана толук аткаруу, кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери, жоопкерчилик чаралары жана коомдук көзөмөлдүн ролу, мамлекеттик кызматкерлердин адептүү жүрүм-турум маданиятын жана тазалыгын алдыга жылдыруу маселелери талкууланды.