Menu

Финансы министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери талкууланды

Финансы министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери талкууланды

КРФМ

 

2026-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелерине арналган жыйын өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев, Кывргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик  тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, министрликтин кызматкерлери, ошондой эле онлайн форматта райондук финансы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын аткарылышы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдонуу боюнча Финансы министрлигинин ишинин жыйынтыктары, «Кыргызтест» системасынын көрсөткүчтөрү, ошондой эле Улуттук комиссиянын долбоорлору жана демилгелери каралды.

Өз сөзүндө Руслан Суйналиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик органдардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, мамлекеттик мекемелерде жана ишканаларда кыргыз тилинин колдонулушун мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү маселелерине токтолуп, анын коомдогу ордун бекемдөөдө мамлекеттик органдардын биргелешкен ишинин маанисин билдирди.

Финансы министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды системалуу негизде жүргүзүп келет. Учурда министрликтин борбордук аппаратында иштеген 294 кызматкердин 237си мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган «Кыргызтест» сертификатына ээ.

Ошондой эле 2026–2028-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын долбоорун каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен каралганы маалымдалды.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу жана аны коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонуу үчүн мамлекеттик органдар менен коомчулуктун биргелешкен аракеттерин күчөтүү зарылдыгы айтылды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
872

Окшош жаңылыктар