Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ БИРИНЧИ ЖОЛУ ОРТО АЗИЯ ЖАНА КАВКАЗ ӨЛКӨЛӨРҮ ҮЧҮН ИННОВАЦИЯЛЫК ОКУУ КУРСУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында биринчи жолу Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн “Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы инновациялык окуу курсу эки группага 28 угуучунун катышуусу менен өткөрүлдү.
Бул окуу курсунун окутуучулары мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү эл аралык эксперт-консультанттар Шокин Вячеслав, Гончарова Ирина, Кокарева Лариса, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тармагы боюнча улуттук эксперт-консультанттары - КР ФМ Окуу борборунун окутуучулары С.Р. Абдымомунова, А.Ж.Мамбеткулова, Уланбек уулу Дастан, Д.Э.Джумабаев, Н.С.Сулайманбекова, А.Бердигулов жана Н.Искендер болушту.
“Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы окуу курсу мамлекеттик сатып алууларды башкаруу жаатында улуттук жана эл аралык практик-адистерине, эл аралык финансы институттары тарабынан каржыланган улуттук агенттиктердин, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн сатып алуулар боюнча кызматкерлерине жана башка эл аралык сатып алуулар боюнча адистин сертификатын алууну каалаган угуучуларга арналган.
Маалымат үчүн: “Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы окуу курсу 2024-жылы Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип чыгып, КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун окутуучулары жана эксперттер менен биргеликте апробацияланган жана азыркы мезгилде биринчи жолу Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүндө окутула баштады.
Окуу курсунун жүрүшүндө окутуучулар угуучуларды кызыктырган бардык суроолорго жооп беришти.