Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ФИНАНСЫЛЫК ИНСТИТУТУ ТАРАБЫНАН СЕМИНАРЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу Программасынын алкагында 2024-жылдын 22-октябрынан 24-октябрына чейин Россия Федерациясынын Илим-изилдөө финансылык институту (мындан ары – ИИФИ) тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 88 кызматкери үчүн мамлекеттик финансыны башкаруудагы негизги багыттар боюнча семинарлар өткөрүлдү:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруунун стратегиялык артыкчылыктарынын алкагында бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун стандарттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын изилдөө жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттерин өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында карызды жана фискалдык туруктуулукту жогорулатуу боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасында социалдык коргоо чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин күчөтүүгө багытталган бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системасын ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесин болжолдоого карата ыкмаларды өнүктүрүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча семинарларды РФ ФМ ИИФИнин жогорку квалификациялуу төмөнкү кызматкерлери өткөрүштү:
- Николаев Максим Евгеньевич – Россиянын Финансы министрлигинин ИИФИнин Мамлекеттик сектордун финансылык менеджмент борборунун улук илимий кызматкери, Программанын эксперти;
- Алексеева Ирина Владимировна – Мамлекеттик сектордун финансылык менеджмент борборунун илимий кызматкери, Программанын эксперти;
- Рыкова Инна Николаевна – э.и.д., Тармактык экономика борборунун жетекчиси, Программанын эксперти;
- Куделич Макар Игоревич – юр.и.к., Камсыздоо жана камсыздоо ишмердүүлүгүн башкаруу тармагын изилдөө борборунун жетектөөчү илимий кызматкери;
- Феоктистова Олеся Александровна – э.и.к., Социалдык тармактардын финансы борборунун жетекчиси, Программанын эксперти;
- Бычков Дмитрий Геннадьевич – соц.и.к., Социалдык тармактардын финансы борборунун жетектөөчү илимий кызматкери, Программанын эксперти;
- Ковтун Игорь Владимирович – РФ Финансы министрлигинин Илим-изилдөө финансылык институтунун кеңешчиси, Программанын эксперти;
- Никонов Иван Валерьевич – Макроэкономикалык изилдөөлөр борборунун «Экономикалык өнүгүү» багытынын жетекчиси, Программанын эксперти;
- Губкова Екатерина Александровна – Макроэкономикалык изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери, Программанын эксперти;
- Курляндская Галина Витальевна – э.и.к., “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин күчөтүүгө багытталган бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системасын ишке киргизүү” багытынын жетекчиси, Программанын эксперти;
- Голованова Наталия Владимировна – Бюджеттер аралык мамилелер борборунун улук илимий кызматкери, Программанын эксперти;
- Власихин Сергей Анатольевич – Бюджеттер аралык мамилелер борборунун улук илимий кызматкери, Программанын эксперти;
- Лазарян Самвел Сергеевич – Эл аралык кызматташуу программаларынын жетекчиси;
- Судаков Сергей Сергеевич – э.и.к., Макроэкономикалык изилдөөлөр борборунун “Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо жана талдоо” багытынын жетекчиси, Программанын эксперти;
- Вотинов Антон Игоревич – Макроэкономикалык изилдөөлөр борборунун “Математикалык моделдөө” багытынын жетекчиси, Программанын эксперти;
- Пильник Николай Петрович – э.и.к., Макроэкономикалык изилдөөлөр борборунун улук илимий кызматкери, Программанын эксперти;
- Овчинников Вячеслав Николаевич – э.и.к., Макроэкономикалык изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери, Программанын эксперти;
Өткөрүлгөн семинарлар КР Финансы министрлигинин кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгүн андан ары жогорулатууга негиз болуп саналат жана ал мамлекеттик финансыны башкаруунун заманбап ыкмаларын колдонууга, атап айтканда, мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, социалдык жардам көрсөтүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин максаттуу колдонуу боюнча салым кошууга көмөк болот.
Өздөштүргөн билимдер жана көндүмдөр катышуучуларга мамлекеттик системадагы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүдө жардам берет.