КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ “МИКРО, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫЛЫК РЫНОКТОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК ТАЛКУУЛОО БОЛУП ӨТТҮ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ “МИКРО, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫЛЫК РЫНОКТОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК ТАЛКУУЛОО БОЛУП ӨТТҮ

КР Финансы министрлигинде КР Финансы министринин орун басары Р.С Татиковдун төрагалыгы алдында «Микро, чакан жана орто ишкерлер (МЧОИ) үчүн туруктуу финансылык рынокторун өнүктүрүү» долбоорунун экологиялык жана социалдык документтеринин долбоорлору тууралуу коомдук талкуулоо болуп өттү.

Иш-чарага коммерциялык банктардын, бизнес-ассоциациялардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышып, алардын саны 30дан ашык катышуучуларды түздү.

Алдыда боло турган Долбоордун максаттары: жашыл жана туруктуу каржылоону мобилизациялоо, экосистеманы өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу аркылуу МЧОИнин туруктуу каржылоосун өнүктүрүүнү колдоо.

Өзүнүн ачуу сөзүндө Р.С. Татиков туруктуу өнүгүүнү жана курчап турган чөйрөнү коргоону колдоого багытталган пландаштырылган Долбоордун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилеп, ошондой эле талкуунун катышуучуларына бул маанилүү процесске кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана активдүү талкууга чакырды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияларды башкаруу бѳлүмүнүн директору Б.Ш. Мусакожоева ачуу сөз сүйлөдү.

Б.Ш. Мусакожоева пландалган Долбоор жөнүндө кыскача айтып берди, мында негизги багыттардын бири климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга жана анын кесепеттерин жумшартууга байланыштуу долбоорлорду каржылоо болуп саналат, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын илгерилетүү, ар кандай секторлордо энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана экологиялык жактан туруктуу айыл чарбасын колдоо боюнча айлана-чөйрөгө минималдуу таасири менен демилгелерди камтыйт.

Коомдук талкуунун катышуучуларына социалдык жана экологиялык документтердин долбоорлору сунушталды, атап айтканда:

1) Экологиялык жана социалдык милдеттенмелер планы;

2) Эмгек ресурстарын башкаруу процедуралары;

3) Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү планы.

Суроо-жооп форматында коомдук талкуунун катышуучулары тарабынан коюлган бардык суроолорго квалификациялуу жооптор берилди.

Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча, бардык катышуучулар климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана адаптациялоо механизмдерин, анын ичинде инвестицияны күчөтүү жашоо каражаттарынын жана экосистемасынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн гана эмес, ошондой эле бир кыйла диверсификацияланган, жашыл өсүү жолун колдоо мүмкүнчүлүгүн берет деген пикирге келишти, пландаштырылган Жашыл каржылоо долбоору жашыл инвестициялык стратегияны ишке ашырууда жана өлкөбүздүн узак мөөнөттүү гүлдөп өсүшүн камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.

5 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
814

Окшош жаңылыктар