КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ КРЕДИТТИК ЖАНА ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУЛАРГА КОЛ КОЮУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ КРЕДИТТИК ЖАНА ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУЛАРГА КОЛ КОЮУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

2024-жылдын 9-сентябрында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) тарабынан жалпы суммасы 13,6 млн. АКШ долларга каржыланган “Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.

 

     Бул долбоордун максаты, Камбар-Ата ГЭС-1нин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу, экологиялык жана социалдык изилдөөлөрдү жаңылоо, өнүктүрүү моделин иштеп чыгуу, ошондой эле түзүмдү жана каржылоо планын аныктоо боюнча иштерди аяктоо үчүнКамбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам көрсөтүү долбоорун кошумча каржылоо болуп саналат.

     Бул долбоордун алкагында ГЭсти сапаттуу жана бышык куруу үчүн зарыл болгон физикалык моделдөө, текшерүүлөр, жерди изилдөө жана зарыл болгон лабораториялык изилдөөлөрдү камтыган иш-чаралар өткөрүлөт.

     Кол коюлган Макулдашуулардын алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) долбоорду ишке ашырууга 13,6 млн АКШ долларын бөлүүдө, анын ичинде: грант – 2,6 млн АКШ доллары жана кредит – 11,0 млн АКШ доллары.

Маалымат үчүн:

     Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасындагы эң ири энергетикалык объекттин курулушу болуп саналат. Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын жана бүтүндөй өлкөнүн энергетика системасы үчүн чоң мааниге ээ.

      Долбоор бийиктиги 256 м таш-сомо плотинасын жана орнотулган кубаттуулугу 1860 МВт ГЭСти курууну камтыйт, орточо жылдык өндүрүшү 5,6 млрд кВт/саат жана суу сактагычынын жалпы көлөмү 5,4 млрд м³ суу.

     Объект Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Нарын дарыясынын орто агымында, Камбар-Ата ГЭС-2 плотинасынан агым боюнча 14,5 км жогору жайгашат.

4 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
558

Окшош жаңылыктар