ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖОЖДОРДУН ӨКҮЛДӨРҮНҮН КАТЫШУУСУНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖОЖДОРДУН ӨКҮЛДӨРҮНҮН КАТЫШУУСУНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаевдин тапшырмасы боюнча “Кыргыз Республикасынын финансылык коопсуздугу жана стабилдүүлүгү үчүн баалуу кагаздар рыногунун практикалык мааниси ” деген темадагы тегерек стол болуп өттү.

 

Бул иш-чарага Бишкек шаарынын жана Кыргызстандын аймактарындагы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышышты.

Куттуктоо сөзүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Турдумамбетова Эрке Дөөлөтбековна сүйлөп, тегерек столдун темасынын актуалдуулугун баса белгилеп, мамлекеттик баалуу кагаздар мамлекет тарабынан чыгарылган эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп санала тургандыгына токтолуп өттү.  

Тегерек столдун максаты Кыргыз фондулук биржасынын учурдагы абалы жана КР жарандары үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуунун пайдалуулугу жөнүндө маалыматты жайылтуу жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө топтолгон бош каражаттарды пайдаланууга жана аларды КР мамлекеттик баалуу кагаздарына инвестициялоо мүмкүнчүлүгүнө негизги басым жасалды.

Мамлекеттик баалуу кагаздар улуттук долбоорлорду, бюджеттин тартыштыгын каржылоо жана төлөө мөөнөтү келип жеткен мамлекеттик карызды кайра каржылоо үчүн чыгарылат. Чындыгында, бул мамлекеттин мамлекеттик карыз милдеттенмелери экендиги угуучуларга кеңири түшүндүрүлдү.

Негизги баяндамачылар  төмөнкүлөр болушту:

Элебаев Нурбек Беккулович - «КФБ» АКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү, баяндаманын темасы: «Кыргыз Республикасынын финансы рыногу: түзүмү, ролу, көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары» ;

Мээрим Аскарбекова – «ФК Сенти» ЖЧКсынын директору, баяндаманын темасы: «Кыргыз Республикасындагы корпоративдик облигациялар. Мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар»;

Абдыбапов Абданбек Абдыбапович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги, темасы: «Мамлекеттик баалуу кагаздарга (МКК, МКВ) инвестициялар»;

Чодулова Аида Алмазовна – «КФБ» ЖАК президенти, темасы: «Кыргыз фондулук биржасы – бул мамлекеттин, компаниялардын жана инвесторлордун өз ара аракеттенүү платформасы».

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулардын ортосундагы мындан аркы байланыш, ошондой эле Кыргыз фондулук биржасынын 30 жылдыгына арналган кийинки илимий иш-чараларда тажрыйба алмашуу боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү. Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн маанисин жана маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
584

Окшош жаңылыктар