Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониясындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониясындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Финансы министрлигинин 100 жылдыгына КР Президенти Садыр Жапаров, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси - Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, КР Финансы министрлигинин экс-министрлери, эл аралык финансы институттарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынан, финансы министрлигинин эмгек сиңирген финансисттери, ардагерлери ж.б. катышты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров финансы тармагынын кызматкерлерин куттуктоо сөзүндө,- “Финансы министрлигинин кесипкөй жамааты мамлекеттик каржыны башкарууда көптөгөн ийгиликтерди жарата алды деп айтууга толук негиз бар”, -деп кайрылды. Өлкө башчысы фиансисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, - “Калктын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган ишиңиздердин үзүрүн көрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымыңыздар келечектеги муундар сыймыктанып айта турган мурас болуп кала берсин! Мааракеңиздер кут болсун!”, - деп куттуктады.

Ошондой эле КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси - Акылбек Жапаров жалпы финансисттерге жылуу куттуктоолорун айтты: “Урматту коллегаларым, аталаган жетишкендиктер, жана ишке ашырылуучу пландар бизге жаркын келечекке болгон ишенимди жаратат жана ата-бабаларыбыздын акылмандыгына таянып, жаңы бийиктиктерге, ийгиликтерге умтулуу менен жолубузду улантууга күч берет. Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмур каалайм! Майрамыңыздар менен!”

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев салтанаттуу аземдин ачылышында кесиптештерине, конокторго, буга чейин жалпы финансы тармагындагы эмгектенген кызматкерлерге каалоо тилектерин айтты.

КР Финансы министри А.Бакетаевдин куттуктоосу:

“Бүгүн, биз өзгөчө күндү - Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүн белгилейбиз. Ушул маанилүү күнү өлкөбүздүн каржы системасын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн ар бириңиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат өмүр, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Азыркы мезгилде, Жараткан буйруп, мамлекет башчыбыздын тапшырмаларына ылайык, өлкөбүздүн финансы саясатын күчтөндүрүү жолуна жетише алдык. Мындай ийгиликтер мамлекетибизде туура жана ыкчам чечимдерди кабыл алууңуздарга, ошону менен бирге кесипкөй адистерге ишеним артып, бардык шарттарды түзүп берип жатканыңыздарга байланыштуу деп эсептейм.

Урматтуу кесиптештер!

Экономикалык өсүш жана гүлдөп-өнүгүү үчүн салымыңыздарды кошуп, мамлекеттин жаркын келечегин түзүүгө өбөлгө болуп жатасыздар. Сиздердин эмгегиңиздер дайыма эле көрүнө бербейт, бирок анын жыйынтыгы ар бир жаран үчүн сезилет.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүз, өжөрлүгүңүз жана мыкты жетишкендиктерге болгон берилгендигиңиз үчүн рахмат айтып, сиздер менен катарлаш болуп кызмат өтөгөнүм үчүн сыймыктанам! Майрамыңыздар менен, Урматтуу кесиптештер!”

Тиркелген файлдар

jpg
2.jpg

0.03 MB

jpg
3.jpg

0.04 MB

jpg
4.jpg

0.09 MB

jpg
5.jpg

0.06 MB

jpg
6.jpg

0.07 MB

jpg
7.jpg

0.07 MB

jpg
8.jpg

0.08 MB

jpg
9.jpg

0.07 MB

jpg
10.jpg

0.07 MB

jpg
11.jpg

0.07 MB

jpg
12.jpg

0.06 MB

jpg
13.jpg

0.05 MB

jpg
14.jpg

0.06 MB

jpg
15.jpg

0.06 MB

jpg
16.jpg

0.07 MB

jpg
17.jpg

0.26 MB

jpg
18.jpg

0.21 MB

jpg
23.jpg

0.07 MB

jpg
55.jpg

0.07 MB

jpg
66.jpg

0.06 MB

jpg
77.jpg

0.09 MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1489