Тренддер
АК-СУУ РАЙОНУНДА КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
КРФМ
2026-жылдын 14-мартында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Финансы министрлигинин жаңы административдик имараты расмий түрдө ачылды. Бул аймакта финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, мамлекеттик органдардын ишин бирдиктүү стандартка алып келүүдө маанилүү кадам болуп саналат.
Иш-чараны ачып жатып, КР Финансы министри Алмаз Бакетаев региондорду өнүктүрүү - мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, жаңы имарат аймактагы мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана уюшкандык деңгээлин жогорулатарын билдирди.
Буга чейин райондук финансы башкармалыгы бирдиктүү имараттын жоктугунан улам ар кандай жайларда иш жүргүзүп келген. Жаңы заманбап объект кызматкерлерди бир жерде топтоп, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Имаратта кызматтык бөлмөлөр, архив, кабылдамалар жана заманбап техникалык жабдуулар каралган.
Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аймак тургундары жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.