Menu

2022-ЖЫЛЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 677,7 МЛН СОМ БӨЛҮНГӨН. 2023-ЖЫЛЫ  558,6 МЛН СОМ МЕНЕН БЕКИТИЛДИ

2022-ЖЫЛЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 677,7 МЛН СОМ БӨЛҮНГӨН. 2023-ЖЫЛЫ  558,6 МЛН СОМ МЕНЕН БЕКИТИЛДИ

Бюджеттер аралык трансферттер:

Жалал-Абад облусу боюнча 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык  трансферттер  катары 677, 7 млн сом каржыланган, алар:
1.    Теңдөөчү трансферт- 255, 5 млн сом;
2.    Ыйгарым укуктарга бөлүнгөн каражат - 39, 9 млн сом;
3.    Муниципалдык кызматкерлердин айлык акыларынын жогорулатуусуна- 238,1млн сом;
4.    Маданият кызматкерлердин айлык акыларынын жогорулашына- 55,7 млн сом 
5.    Электрэнергияга болгон 50% компенсациясына- 16 млн сом;
6.    Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 43,3 млн сом;
7.    “Мыкты айыл өкмөтү” наамына- 1 млн сом;
8.     Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына- 27,1 млн сомду түздү.
Үлүштүк гранттар:
Жалал-Абад облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 57 долбоор ишке ашырылып, ага 121,1 млн сом каржыланды, анын ичинен:
1.    Мектептерге 24 долбоор- 47,7 млн сом;
2.    Саламаттыкты сактоо мекемелерине 1 долбоор- 12 млн сом;
3.    Инженердик-коммуникациялык инфраструктура обьектилерине 15 долбоор- 34,7 млн сом;
4.    Спорттук курулуштарга 5 долбоор- 12,8 млн сом;
5.    Маданий маанидеги обьектилер 3 долбоор – 6,4 млн сом;
6.    Бала-бакчаларга 9 долбоор -18,3 млн сом каржыланды.
Капиталдык салымдар беренесинен 2022-жыл ичинде  1,4 млрд сом толугу менен каржыланды.
2023-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 558,6 МЛН СОМ КАРАЛАТ. 
Райондор боюнча төмөнкүчө:
1.    Аксы району- 100,3 млн сом;
2.    Ала-Бука району- 49,6 млн сом;
3.    Базар-Коргон району- 82,3 млн сом;
4.    Ноокен району- 70,4 млн сом;
5.    Сузак району- 100,2 млн сом;
6.    Тогуз-Торо району- 44, 5 млн сом;
7.    Токтогул району- 83,6 млн сом;
8.    Чаткал району- 13 млн сом;
9.    Көк-Жаңгак шаары- 14,4 млн сомду түздү.   

 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
3024