Тренддер
2022-ЖЫЛЫ ЧҮЙ ОБЛУСУНА 546,6 МЛН СОМ БӨЛҮНГӨН. 2023-ЖЫЛ 328,2 МЛН СОМ МЕНЕН БЕКИТИЛДИ.
.
Бюджеттер аралык трансферттер :
Чүй облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 546,6 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:
1. Теңдөөчү трансферт - 103,6 млн сом;
2. Максаттуу трансферттер – 443,0 млн сом, анын ичинен:
- ыйгарым укуктарды берүүгө – 37,4 млн сом;
- муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына – 174,1млн сом;
- маданият кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына – 55,7 млн сом;
- электр энергиясына болгон 50% компенсациясына – 1,2 млн сом;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга –109,6 млн сом;
- “Мыкты айыл өкмөтү” наамына – 0,5 млн сом;
- башкы пландарга – 8,5 млн сом;
- жылуулук энергиясынын карызын жабууга – 40,1 млн сом;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына – 15,9 млн сомду түздү.
Дем берүү (үлүштүк) гранттар:
Чүй облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 288 долбоор ишке ашырылып, ага 95,7 млн сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:
1. Мектептерге 23 долбоор – 41,1 млн сом;
2. Саламаттыкты сактоо мекемелерине 2 долбоор – 3,4 млнсом;
3. Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 10 долбоор – 27,8 млн сом;
4. Спорттук курулуштарга 1 долбоор – 2,8 млн сом;
5. Маданий маанидеги объектилер 6 долбоор – 12,0 млнсом;
6. Бала-бакчаларга 5 долбоор – 8,6 млн сомго акча каражаты каржыланды.
Капиталдык салымдар беренесинен Чүй облусу боюнча 2022-жыл ичинде 3,3 млрд сом каралып, толугу менен каржыланган.
2023-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕН ЧҮЙ ОБЛУСУНА 558,6 МЛН СОМ КАРАЛАТ
Чүй облусу боюнча теңдөөчү трансферттин көлөмү 328,2млн сом менен бекитилип, ал райондор боюнча төмөнкүчө:
1. Аламүдүн району - 5,1 млн сом;
2. Кемин району - 20,2 млн сом;
3. Ысык-Ата району – 80,0 млн сом;
4. Сокулук району – 55,7 млн сом;
5. Жайыл району – 70,5 млн сом;
6. Москва району – 36,4 млн сом;
7. Панфилов району – 15,6 млн сом;
8. Чүй району – 44,7 млн сом.
КРФМ