2022-жылы "Чакан жана орто бизнести ыкчам колдоо" долбоорунун алкагында 4200 ишкер пайызсыз насыяны алышты

2022-жылы "Чакан жана орто бизнести ыкчам колдоо" долбоорунун алкагында 4200 ишкер пайызсыз насыяны алышты

2022-жылы Финансы министрлиги коммерциялык банктарга "Чакан жана орто бизнести ыкчам колдоо" долбоорунун алкагында 1 млрд 756 млн сом бөлгөн. Пайызы жок насыяны 4200 ишкер алды. Быйыл бул максатка дагы 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт.

2022-жылы күздөн тарта чакан жана орто бизнес жаатындагы ишкерлерге, 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин, пайызсыз насыя бериле баштаган. Пайызы жок насыя алышы үчүн ишкерлер мыйзамдуу иштеп, акыркы алты ай ичиндеги патенти болушу зарыл. Насыя өлчөмү 250 миң сомдон ашса күрөө коюлат. 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3321