Menu

Урматтуу кыргызстандыктар! Жалпыңыздарды жаңырып келген жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайм!

Урматтуу кыргызстандыктар! Жалпыңыздарды жаңырып келген жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайм!

Урматтуу кыргызстандыктар! Жалпыңыздарды жаңырып келген жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайм!

Узап бараткан  2022-жыл өлкөбүз үчүн экономикалык өсүштөргө бай, ийгиликтүү жыл болду. Эң башкысы, өлкө бюджетинин негизги параметрлери - кирешелер жана чыгашалар жогорку деңгээлде аткарылып, социалдык милдеттенмелер толук ишке ашырылды. Ошону менен катар, инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлоруна жана экономикалык өсүштү колдоого олуттуу финансылык жардам көрсөтүлгөнүн баса белгилегим келет. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттерди да көз жаздымда калтырбай, жалпы жолунан бюджеттик системанын тең салмактуулугун жана туруктуулугун камсыз кыла алдык. 

2023-жылга жана 2024-2025-жылдардагы өлкөнүн бюджети Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан  өнүктүрүүгө жана өлкөбүздүн ар бир жаранынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Бюджеттин сапаттуу аткарылышы салык төлөөчүлөрдүн ак ниеттүүлүгүнөн, финансы тармагынын бардык кызматкерлеринин жоопкерчилигинен жана кесипкөйлүгүнөн көз каранды экендиги эч кимге жашыруун эмес.

Урматтуу мекендештер!

Жалпыңыздарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Элибиздин ынтымагы артып, өлкөбүздө өнүгүү болсун!

Бардык кыргызстандыктарга жаңы жылда – жаңы жетишкендиктерди, бийиктиктерди, чың ден соолукту жана үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм! 

Урматым менен, Кыргыз Республикасынын финансы министри                                Алмаз Бакетаев
 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3322