Menu
Тренддер

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк жарандар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмүндө Финансылык коопсуздук бөлүмү түзүлгөн.
Бул бөлүмдүн иши Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган.
Айтылганды эске алуу менен, опузалап акча каражаттарын, белектерди, талап кылуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кайсы бир бөлүмүнүн компетенциясына кирген маселелерди жана мыйзамдарда каралбаган башка кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кароону, негизсиз создуктуруу фактыларына туш болгон бардык жарандардан 0312-625313 телефону боюнча Финансылык коопсуздук бөлүмүнө кайрылууну суранабыз.