Menu

ӨНӨКТӨШТҮКТҮ БЕКЕМДӨӨ: КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНК ЭНЕРГЕТИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА РЕФОРМАЛАРДЫ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

ӨНӨКТӨШТҮКТҮ БЕКЕМДӨӨ: КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНК ЭНЕРГЕТИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА РЕФОРМАЛАРДЫ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде финансы министри  Р. Суйналиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы мырза Хью Риделл менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, ири долбоорлорду ишке ашыруу, энергетика тармагын өнүктүрүү, реформаларды алдыга жылдыруу жана инвестиция тартуу маселелерине токтолушту.

Айрыкча Камбарата ГЭС-1 долбооруна, электр энергиясынын аймактык рыногун өнүктүрүүгө, ошондой эле агробизнес жана кайра жаралуучу энергия тармагында жеке сектордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында финансы министри Р. Суйналиев Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
613

Окшош жаңылыктар