Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Экономиканын реалдуу өсүшү Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 4,8%ды түздү. Салыштырмалуу 2021-жылдын январь-ноябрында 3,6%га өсүү болгон.

2022-жылдын январь-ноябрында керектөө бааларынын индекси 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 13,8%ды түздү (2021-жылдын январь-ноябрында 12,0%). 

2022-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшү реалдуу түрдө 14,0%га өстү (2021-жылдын январь-ноябрында өсүш 3,4%га). Бул көрсөткүч тоо-кен казып алуу тармагынын 8,5%га жана кайра иштетүү өнөр жайынын 20,5%га өсүшүнүн эсебинен болгон. Өнөр жайында, Кумтөрдү эсепке албаганда, өсүш 3,9%га (2021-жылдын январь-ноябрында 16,0%га өсүү) катталган.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2022-жылдын январь-ноябрында реалдуу өсүш 4,7%ды түздү 2021-жылдын январь-ноябрында 6,9%ды өсүү болгон. Дүң жана чекене соода кызмат көрсөтүүлөрүнүн өсүшү 7,6%ды түздү, ал эми чекене сооданын өсүшү 5,3%ти түздү. 
2022-жылдын январь-ноябрында мейманкана жана ресторан кызматтары 18,9%га өскөн 2021-жылдын январь-ноябрында 16,8%га өскөн. 

Почта жана курьердик кызмат көрсөтүүлөр 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,7%га, байланыш кызматтары 6,3%га өстү, тарифтик кирешелер 24790,9 млн сомду түздү. 

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2022-жылдын январь-ноябрында 4,6%га өскөн. Транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүктөрдүн көлөмү 31,6%га өстү. 2021-жылдын январь-ноябрында 13,4%га өсүү болгон. 

2022-жылдын январь-ноябрында айыл, токой жана балык чарбачылыгынын өндүрүшүнүн көлөмү 6,4%га өсүү менен 323 073,6 млн сомду түздү. 2021-жылдын январь-ноябрында 5,1%га азайган.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,3%га өстү. Отчеттук мезгилде негизги капиталга 112 836,9 миллион сомдук инвестиция иш жузундө өздөштүрүлду.  

Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын ноябрь айынын акырына карата 76,4 миң адамды түзүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,9%га азайган (2021-жылдын январь-ноябрында 0,2%га өскөн).

2022-жылдын январь-октябрь айларында орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 13,9%ды түздү, номиналдык мааниде орточо айлык эмгек акы 25390 сомду түздү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын январь-октябрь айларында тышкы соода жүгүртүү 9 657,8 млн долларды түзүп, 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 41,2%га өстү, анын ичинде экспорт 1860,8 млн долларды түздү. АКШ (23,1% азаюу) жана импорт 7790 млн АКШ долларын түздү. (76,4%га өсүү).

Импорттун экспорттон ашып кеткен өсүшүнө байланыштуу соода балансынын көлөмү 5 936,2 млн АКШ долларын түздү.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4756

Окшош жаңылыктар