КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДҮЙШӨМБҮЛҮККӨ КАТЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жалпы кызматкерлери «Жашыл Мурас» Улуттук компаниясынын Чуңкурчак капчыгайында көчөт отургузууга багытталган масштабдуу коомдук иш күнүнө катышышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-жылы Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулуктун жылы» деп жарыялоо жөнүндөгу жарлыгын ишке ашыруу максатында Финансы министрлигинин кызматкерлери 300дөн ашуун “Тань-Шань карагайын отургузушту. “Жашыл Мурас” Улуттук компаниясы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, экологияны жакшыртуу жана токойлорду келечек муундар үчүн сактоо максатында түзүлгөн.
10 сүрөттөр
60.37MB