Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН КОЛДООСУНДА ИШКЕ АШЫРЫЛЫП ЖАТКАН “АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ” ДОЛБООРУ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ БОЛУП ӨТТҮ
КРФМ
Бишкек мэриясында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун экинчи компонентин ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге Финансы министрлигинин өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын өкүлү Айдай Баялиева, ошондой эле, борбор калаанын мэринин орун басары Нургазы Курманбеков, Энергетика министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин, райондук администрациялардын жана шаардын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө КР Финансы министрлигинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева долбоордун негизги аспектилерине токтолуп, каржылоо механизмдери тууралуу маалымат берди.
Долбоордун экинчи Компонентинин алкагында жеңилдетилген кредит берүү каралган:
- үй чарбалары үчүн экологиялык таза жылытуу системасын сатып алууга-1 млн сомго чейин;
- жабдууларды берүүчү компаниялар үчүн-5 млн сомго чейин
Кредит берүү “Айыл Банк” ААК, “Элдик Банк” ААК жана “Бакай Банк” ААК аркылуу ишке ашырылат.
Жолугушуунун алкагында таза технологияларга өтүү, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, долбоорду маалыматтык коштоо жана процесстин бардык катышуучуларынын ортосунда координацияны бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жана абанын сапатын жакшыртууга багытталган долбоорду натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарынын, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара байланышты активдештирүү макулдашылды.
1 сүрөттөр
0.00MB