ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН БАШКАРУУЧУЛАР КЕҢЕШИНИН ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ

ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН БАШКАРУУЧУЛАР КЕҢЕШИНИН ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ

2024-жылдын 21-октябрынан 26-октябрына чейин Дүйнөлүк Банктын жана Эл аралык Валюта Фондунун Башкаруучулар Кеңешинин жылдык жыйыны болуп өттү (Вашингтон, АКШ).

 

     Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович катышты.

        2024-жылдын 24-октябрында Тажикстан Республикасынын Финансы министри Файзиддин Каххорзода менен эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

        Бул меморандум финансы тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө негиз түзүп, тажрыйба алмашууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана чет элдик инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде аймактык туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
710

Окшош жаңылыктар