Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОЮНЧА ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ САНГБУ КИМ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ БОЛУП ӨТТҮ
КРФМ
Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович Дүйнөлүк банктын санариптик технологиялар боюнча вице-президенти Сангбу Ким мырза менен жолугушту.
Жолугушууда мамлекеттик финансыны башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү, жасалма интеллектти жана блокчейн технологияларын колдонуу талкууланды.
Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстандын Digital CASA – долбоорун ишке ашыруудагы ийгиликтерин белгиледи, анын алкагында G-Cloud булуттук платформасы түзүлүп, 1500 кмден ашык оптикалык-була байланыш линиялары курулган. Долбоордун ишке ашырылышы мамлекеттик финансынын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана жарандар үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Тараптар санариптик финансы, тажрыйба алмашуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана инновациялык экономиканы өнүктүрүүгө багытталган адистерди даярдоо жаатында кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.
1 сүрөттөр
0.00MB