ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮНҮН ОРТОСУНДА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮНҮН ОРТОСУНДА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

КРФМ

 

Вашингтон шаарында (АКШ), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын директору Эрке Турдумамбетованын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Өмүрбек Сабировдун Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча тобунун улук экономисти  Широ Наката менен жолугушуусу болуп өттү.

  Дүйнөлүк банк менен Финансы академиясынын билим берүү программаларын жана техникалык жардамды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөө боюнча мындан аркы кызматташтыгын ишке ашыруунун кадамдары, ошондой эле финансылык багыттагы адистердин квалификациясын жогорулатуу, билим берүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүү жана Дүйнөлүк банк тарабынан техникалык колдоону кеңейтүү жаатындагы биргелешкен демилгелердин келечеги талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү жана Финансы академиясы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана финансылык багыттагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жаатындагы келечектеги өнөктөштүгүнө негиз болду.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
208

Окшош жаңылыктар