Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНС МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ТАЖИКИСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОРТОСУНДА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
КРФМ
2025-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин делегациясынын ортосунда финансы саясаты жаатында тажрыйба алмашуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча консультациялык жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар: Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансы-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсепке алуусун киргизүү; бажы процесстерин оптималдаштыруу жана санариптештирүү; салыктык эмес кирешелерди жана алардын бюджетке түшүүсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу; Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоо инструменттерин колдонуу багыттары боюнча маалымат алмашышты.
Мындан тышкары, кызматташтыктын перспективасын, салыктык жана бажылык башкаруу, салыктык жана бажылык башкаруу жаатында санариптик чечимдерди киргизүү, мамлекеттик финансыны башкаруу, бюджеттештирүү, казыналык тейлөө жана отчеттуулук, жашыл, социалдык жана туруктуу облигацияларды чыгаруу үчүн ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашуу бөлүгүндө “жашыл” финансыны өнүктүрүү маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.
Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин делегациясынын башчысы, Тажикстан Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Мажиди Юсуф Хайрулло мырза: “Биздин өлкөлөрдүн салттуу жылуу мамилелерин эске алганда, мамлекеттик каржы тармагындагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Азыркы этапта биздин өлкөлөрдүн алдында окшош чакырыктар турат, аларды биз биргелешип эң натыйжалуу жеңе алабыз”- деп белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттарды биргелешип алдыга жылдырууга жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
4 сүрөттөр
0.00MB