Menu
Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы ортосунда келишим түзүлдү
Токио шаарында (Япония) Борбордук Азиялык инвестициялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы ортосунда Кыргыз Республикасына өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн 12 млн АКШ долларын бөлүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.Берилген каражаттын 8 млн доллары бул узак мөөнөттүү насыя, 4 млн АКШ доллары грант.