БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА 2023-ЖЫЛЫ 65,3 МЛРД СОМГО КАРЖЫЛАНАТ. 2020-ЖЫЛГА САЛЫШТЫРМАЛУУ ЭКИ ЭСЕГЕ КӨБӨЙДҮ.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА 2023-ЖЫЛЫ 65,3 МЛРД СОМГО КАРЖЫЛАНАТ. 2020-ЖЫЛГА САЛЫШТЫРМАЛУУ ЭКИ ЭСЕГЕ КӨБӨЙДҮ.

Кыргыз Республикасында акыркы жылдары республикалык бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү менен мамлекеттик, анын ичинде билим берүү тармагына чыгашалардын өсүшү байкалууда.

Билим берүүгө чыгымдардын динамикасы:

- 2019-жыл - 32,6 млрд сом же ИДПга карата 5,5%;

- 2020-жыл - 36,2 млрд сом же 6,0%;

- 2021-жыл - 40,7 млрд сом же 5,6%;

- 2022-жыл - 63,2 млрд сом же 6,9%;

- 2023-жыл - 65,3 млрд сом же ИДПга карата 7,0%.

Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.

Капиталдык салымдар:

- 2019-жыл 1,9 млрд сомду же капиталдык салымдардын жалпы чыгашасынын 35%ын түзөт;

- 2020-жылы - 1,2 млрд сом же 38%, 2021-жылы - 1,9 млрд сом же 32%;

- 2022 - 5,7 млрд сом же 33%.

Дем берүүчү гранттар:

- 2019-жыл 183,8 млн сомду же жалпы чыгашалардын 45%ын түзөт;

- 2020- жыл 204,9 млн сом же 59%;

- 2021-жылга 214,2 млн сом же 42%;

- 2022-жылга - 318,5 млн сом же 54%.

Белгилей кетсек, чыгашалардын бул беренелери боюнча негизги үлүшү билим берүү тармагына жумшалат.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2290