Бүгүнтөн баштап жарандар электрондук төлөм инструменттери аркылуу онлайн төлөй алышат

Бүгүнтөн баштап жарандар электрондук төлөм инструменттери аркылуу онлайн төлөй алышат

Бүгүнтөн баштап жарандар электрондук патент/полис үчүн төмөнкү операторлордун төлөм инструменттери аркылуу онлайн төлөй алышат.

Учурда Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасына кошулган төлөм операторлору – ААК «Айыл Банк», «Доскредобанк», ААК «Коммерциялык банк «Кыргызстан» (МБанк), ААК «РСК Банк», О!Деньги («Грин Телеком Сервис»), Quickpay, Pay 24.

Калган төлөм системасынын операторлору «Инфосистемс» Мамлекеттик электрондук төлөм системасынын техникалык оператору менен келишим түзүү жана аларды тутумга кошуу стадиясында турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-жылдын 28-октябрындагы № 709 Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы No 446 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында КР Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» МИ ушул жылдын 10-октябрынан тартып жаңыланган Мамлекеттик электрондук төлөмдөр системасын ишке киргизди. 
Маалымат катары, 10-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин аталган операторлор тарабынан 16,9 миллион сомдук 8194 транзакция жасалган. 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3151