КРнын ТЫШКЫ МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗЫН ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНАГА АЛМАШТЫРУУ

КРнын ТЫШКЫ МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗЫН ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНАГА АЛМАШТЫРУУ

Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаров экология жана жашыл экономика маселесин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири катары белгилеген.

Буга байланыштуу КР Финансы министри А.Бакетаев Париж форумунда Япониянын каржы министринин орун басары Масато Канда жана Париж клубунун өкүлү, Франциянын Экономика каржы министрлигинин  Көп тараптуу каржы иштери жана өнүктүрүү боюнча директорунун орун басары Кристоф Борис менен жолугушту. А. Бакетаев курчап турган чөйрөнү коргоого, экологияга жана климатка, ошондой эле Кыргыз Республикасынын социалдык маанилүү долбоорлоруна алмашуу сунушу менен мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча маселелердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев жана министрдин орун басары С.Татиков Индия G20 төрагалыгы астында өтүп жаткан Париж шаарындагы (Франция) 10-Париж форумунуна катышууда.  
Маалымат үчүн: Акыркы он жылдын ичинде Париж клубунун форуму практиктер жана эксперттер үчүн суверендүү карыз маселелерин талкуулоо үчүн негизги аянтча катары өзүн көрсөттү. Бул жерде расмий кредиторлордун жана карыз алуучулардын, көп тараптуу институттардын, жеке сектордун жана илимий чөйрөнүн 180ге жакын өкүлдөрү карыз көйгөйлөрүн ачык талкуулоо жана карыз кризисин алдын алуу жана башкаруу боюнча потенциалдуу чечимдерин бөлүшүү үчүн чогулушкан. 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2007