Menu

АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ: КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА «МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫЛЫК ХОЛДИНГ» ААКТЫН НАТЫЙЖАЛУУ КЫЗМАТТАШУУСУ

АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ: КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА «МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫЛЫК ХОЛДИНГ» ААКТЫН НАТЫЙЖАЛУУ КЫЗМАТТАШУУСУ

КРФМ

2025-жыл Кыргыз Республикасынын аймактарынөнүктүрүүдө маанилүү жана ийгиликтүү жыл болуп калды. Бул жетишкендиктер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жүргүзүп жаткан ырааттуу мамлекеттиксаясатынын жана «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК менен натыйжалуу кызматташуунун жыйынтыгыболуп саналат.

Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК бюджеттик кредиттөө жаатындагы мамлекеттиксаясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу агент болупсаналат. Холдинг региондорду өнүктүрүү фонддорунункаражаттарынын эсебинен экономикалык долбоорлордуфинансылоону камсыз кылат, ошондой эле мамлекеттикпрограммалардын алкагында юридикалык жактаргасубсидияларды берүү жана улуттук экономиканынсубъекттерине кепилдиктерди сунуштоо функцияларынаткарат.

2025-жылы «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК тарабынан жалпы суммасы 1 200,4 млн сом болгон 250 экономикалык долбоор жактырылды. Анын ичинен 1 171,3 млн сом суммасындагы 247 долбоор финансыланды.

Салыштыруу үчүн, региондорду өнүктүрүү фонддорунункаражаттарынын эсебинен коммерциялык банктар аркылуу:

​•​2024-жылы — 165,8 млн сомго 38 долбоор

​•​2023-жылы — 146,1 млн сомго 34 долбоор

Инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү — 243%.

Долбоорлор жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, ишкерлерди колдоого жанааймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен«Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКтын биргелешкениши өлкө аймактарынын туруктуу экономикалыкөнүгүүсүнө бекем негиз түзүүдө.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1287

Окшош жаңылыктар