УЛУТТУК СПОРТ ТҮРЛӨРҮ БОЮНЧА ДИРЕКЦИЯДА АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

УЛУТТУК СПОРТ ТҮРЛӨРҮ БОЮНЧА ДИРЕКЦИЯДА АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

2025-жылга карата аудит планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекцияда (мындан ары – Дирекция) аудит жүргүзүлдү.

 

            Аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталган:

- 2024-жыл ичинде Дирекциянын айрым кызматкерлерине иш сапары  чыгымдары үчүн 3 322,9 миң сом өлчөмүндөгү каражат которулуп, ушул күнгө чейин алар боюнча аванстык отчеттор берилген эмес;

            - Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуу менен 2024-жылы ар кандай иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Дирекциянын айрым кызматкерлеринин эсебине 1 489,9 миң сом өлчөмүндөгү каражат которулган. Аудит жүргүзүү учурунда бул каражаттардын пайдаланылышы боюнча аванстык отчеттор болгон эмес.

            Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 “Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун талаптарын бузуу менен 100,4 миң сом өлчөмүндөгү үстөк акы негизсиз эсептелгени аныкталган. 132,0 миң сом суммасындагы медициналык препараттарды эсептен чыгарууга тиешелүү баштапкы документтер жок болуп чыккан. Инвентаризация жүргүзүү учурунда жалпы суммасы 85,7 миң сомду түзгөн 3 ноутбуктун жетпей калганы аныкталган.

Аудиттин жүрүшүндө 4 572,8 миң сом калыбына келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекцияга байланыштуу аудиттин материалдары юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
819

Окшош жаңылыктар