Menu

“Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын долбоору

“Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын долбоору

“Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын долбоору сатып алуулар жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана алардын методдорун колдонуу шарттарын оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан, ошондой эле “тендер” түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат, анткени “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамында анын ордуна “мамлекеттик сатып алуулар” түшүнүгү колдонулат.

Өз кезегинде мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны жана мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасын жакшыртуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Жетишилген прогресске жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу аркылуу катышуучулардын арасында атаандаштыктын кеңейишине карабастан, бир катар көйгөйлөр байкалууда, анткени мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн колдонуудагы жол-жоболору мамлекеттик сатып алууларды өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылууга дайыма эле жөндөмдүү боло бербейт. Бул өз кезегинде мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнүн татаалдыгына алып келет, бул дагы мүмкүн болгон коррупциялык кырдаалдарга потенциалды алып келет.

Ушул Мыйзам долбоорунда колдонууда байкалган жана өркүндөтүүнү талап кылган аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу процессинде зарыл болгон жол-жоболорду минималдаштыруу сунуш кылынат. Муну менен Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулардын мындан да ачык-айкын жана натыйжалуу системасын камсыз кылуу максатталат.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (http://koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча келип түшкөн сунуштар жөнүндө жыйынтык маалымат даярдалып, аларды мыйзам долбооруна киргизүү же киргизбөө себептерин негиздөө менен Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта чагылдырат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3893