Menu
Тренддер

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2025-ЖЫЛГА ЖАНА 2026–2027-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИНЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ
“Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты. Бул долбоордун максаттары катары 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарында чагылдырылган негизги артыкчылыктары жана багыттары аныкталган.
2025–2027-жылдарга бюджеттин долбоорунда эсептөөлөрдүн негизине 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын параметрлери алынган.
2025–2029-жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолун иштеп чыгуу үчүн база болуп 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1- июлундагы № 344 токтому менен жактырылган.
2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн түзүү 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун, бир катар жылдар үчүн иш жүзүндө түшүүлөрдүн, 2023-жылы кирешелердин түшүүсүн баалоонун базасында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылды.
Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2025-жылга 472 856,1 млн сом суммасында же ИДПга карата 29,1% деңгээлинде болжолдонууда. 2024-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси номиналдык туюнтууда 58 459,0 млн сомго көбөйөт. 2026–2027-жылдар мезгилинде мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү тийиштүү түрдө 512 772,1 млн сомду жана 564 958,8 млн сомду түзөт.
Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 2025-жылы 428 780,6 млн сом суммасында же ИДПга карата 26,4% каралууда. Номиналдык туюнтууда республикалык бюджеттин кирешелери 2024-жылдын бекитилген бюджетине карата 13,3% га же 50 375,0 млн сомго көбөйөт. 2026–2027-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешелери тийиштүү түрдө 465 500,7 млн сомду жана 513 640,9 млн сомду түзөт.
2025-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 402 674,8 млн сом деңгээлинде (ИДПга карата 24,8%) белгиленди, бул 2024-жылдын бекитилген бюджетинен 35 181,6 млн сомго көп. Финансылык активдерди эсепке алуу менен чыгашалардын жалпы суммасы 506 545,4 млн сом деңгээлинде белгиленүүдө, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен – 437 431,7 млн сом, бул 2024-жылдын бекитилген бюджетинен 61 605,7 млн сомго көп, атайын эсептердин каражаттары – 24 866,4 млн сом, бул 2024-жылдын бекитилген бюджетинен 3 715,0 млн сомго көп, мамлекеттик инвестициялардын каражаттары – 44 247,3 млн сом, бул 2024-жылдын бекитилген бюджетинен 8 013,2 млн сомго аз.
2026-2027-жылдар мезгилинде финансылык активдерди эсепке албаганда республикалык бюджеттин чыгымдары тиешелүү түрдө 428 783,0 млн сомду жана 470 397,2 млн сомду түзөт.
2025-жылга республикалык бюджеттин профицити 26 105,8 млн сомду же ИДПнын 1,6 % ын түзөт.
2026–2027-жылдарда республикалык бюджеттин профицити тийиштүү түрдө 36 717,7 млн. сом жана 43 243,7 млн. сом суммасында пландаштырылууда.
Бюджеттин профицитинин пайдалануу багыттары бар. Бюджеттин профицитин пайдалануунун багыттарынын бири экономикалык өнүгүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо болуп саналат
Ошондой эле орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик карызды төлөөгө олуттуу каражаттар болжолдонууда.
Ошентип, бюджеттин болжолдонгон профицити экономикалык багыттагы иш-чараларга байланыштуу чыгымдарга жана мамлекеттин милдеттенмелерин жабууга багытталат. Бул иш-чаралар бюджетте каралган.
Тиркелген файлдар