“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо

“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо

2022-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурган Кыргыз-Венгрия агроөнөр жай бизнес форуму болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б. Э. Төрөбаев куттуктоо сөзү менен ачты.

Форумдун жүрүшүндө “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу”долбоору үчүн кошумча каржылоонун” долбоору презентацияланды. Презентациянын учурунда Б.Мусакожоева долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, анын шарттары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндөмаалымат берди. Азыркы учурда долбоордун алкагында долбоордун шарттары жөнүндөмаалымдоо максатында Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын потенциалдуу бенефициарлары-фермерлери менен маалыматтык жолугушуулар өткөрүлүүдө. Ошондой эле, презентациянынучурунда Б. Мусакожоева “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” (1-фаза) негизги долбоорунун натыйжалары тууралуу баяндады жана анын жардамы менен 2044 фермер Ысык-Көл облусунун аймагында 2 млн. АКШ долларынан ашык суммага каржылангандыгын белгиледи.

Жыйынтыгында КЛББнын директору катышуучуларга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана андан ары өз ара пайдалуу кызматташууга ишене тургандыгынбилдирди. 

 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
3446