Menu

ЖЕКЕ ИШКЕР КАНБОЛОТ АБДЫКАДЫРОВ: «ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ДҮКӨНҮМДҮ ЖАБЫЛУУДАН САКТАДЫМ»

ЖЕКЕ ИШКЕР КАНБОЛОТ АБДЫКАДЫРОВ: «ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ДҮКӨНҮМДҮ ЖАБЫЛУУДАН САКТАДЫМ»

Жеке ишкер Канболот Абдыкадыровдун Ош шаарында азык-түлүк дүкөнү бар. Ал миллион сом өлчөмүндө Финансы министрлигинин пайызсыз насыясын алган. Ишкер насыя үч күндүн ичинде «Халык Банк» аркылуу колуна тийгенин айтты. Анын көмөгү менен ишкер жүгүртүүдөгү каражатын көбөйтүп, дүкөнгө жаңы товарларды алган. Натыйжада ал пандемиядан кийинки катаал мезгилде дүкөнүн жабылуудан сактап кала алды. Чоң үй-бүлөсү бар ишкер үчүн дүкөн киреше табуучу жана жан багуучу негизги булак болуп саналат.


Андыктан анын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо абдан маанилүү. Бенефициар “Чакан, кичи жана орто бизнеске ыкчам колдоо” долбоорунун уланышына үмүттөнөөрүн билдирди.  

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2635