ЖЕКЕ ИШКЕР: МАМЛЕКЕТ БӨЛҮП БЕРГЕН ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ ООР АБАЛДАН СҮЙРӨП ЧЫКТЫ

ЖЕКЕ ИШКЕР: МАМЛЕКЕТ БӨЛҮП БЕРГЕН ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ ООР АБАЛДАН СҮЙРӨП ЧЫКТЫ

Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланган “Жеке жана каржы секторуна чукул арада колдоо” долбоорунун биринчи фазасын жыйынтыктоо алдында, КР Финансы министринин орун басары Р. Татиков, министрликтин Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Б.Мусакожоева менен каржылык көмөктүн көргөзүлүшү, анын максаттуу колдонулушу жана кайтарым байланышын бекемдөө максатында Чүй облусунун ишкерлери менен жеринен жолугушту.

Жеке ишкер А.Салымбаев да мамлекеттин берген жардамына ыраазычылыгын билдирип, - “Айыл чарба жана курулуш жабдыктарын чыгарган чакан цехибизге Комерциялык банк аркылуу 1 млн сом насыя алып, аны “ковидден” кийин бизнести колдоого жумшадым. Мамлекеттин бул көмөгү тапшырыктарды жана ишкананын өндүрүш мүмкүндүгүн кеңейтүүгө шарт түздү. Бул чара насыялык тарыхы жакшы жана каражатты кайтара ала турган ак ниет ишкерлерге кредит алууга шарт түзөт”, — деди.

КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков долбоордун максаты чакан, кичи бизнести жана товар жүгүртүүсү аз ишкерлерди колдоого багытталганын белгиледи.  Жардам алгандардын 80 пайыздан көбү чакан ишкерлер, башкача айтканда жылдык айлантуусу 8 млн сомго жетпеген жеке жарандар. Эскерте кетсек пайызсыз насыялар 2022-жылдын февралынан баштап берилүүдө.

2023-жылдын май айына карата маалыматка ылайык, 6151 ишкерге жалпы көөлөмү 3,4 млрд сомдон ашуун каржылык жардам көрсөтүлгөн. 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3238