МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАҢЫЛОО БОЮНЧА МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАҢЫЛОО БОЮНЧА МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

Жалпы суммасы 1 500,000,000 йен (болжол менен 9,6 АКШ доллары) болгон “Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги ооруканалардагы медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К Бакетаев менен Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года жана Кыргыз Республикасындагы Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки мырзанын ортосунда алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюшту.

 

Кыргызстанда өлүмдүн себеби болгон жугуштуу эмес оорулардын үлүшү, анын ичинде жаштар арасында дүйнө жүзү боюнча орточо коэффициенттен жогору, өлкөнүн медициналык мекемелеринде кызмат көрсөтүү системасы, медициналык жабдуулардын эскилиги жеткен, диагноз коюу жана дарылоо үчүн алардын сапаты жана саны жетиштүү деңгээлге жетпеген кырдаалда турат.  

Бул көмөк көрсөтүү аркылуу өлкөнүн алдыңкы үч медициналык мекемесинде, анын ичинде Бишкек шаарында жугуштуу эмес ооруларды, атап айтканда жүрөк-кан тамыр ооруларын жана эмчек безинин рагын аныктоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар орнотулат.

Бул долбоордун ишке ашырылышы өз убагында жана талаптагыдай медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасын жакшыртууга салым кошот деген ишенимибизди билдиребиз.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
216

Окшош жаңылыктар